Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы майору Ниймат Арапов 76 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Ниймат Арапов 1946-жылы 14-апрель күнү Ош облусунун Лейлек районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына 22 жашында 1968-жылы кабыл алынып, Баткен райондук аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүнүн милиционери, Баткен облустук күзөт кызматынын начальниги болуп эмгектенип, 51 жаш курагында ардактуу эс алууга чыккан. Жаш курагына карабай өз ишине тың болуп, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, жаш кызматкерлерге өзүнүн акыл-насааттарын айтып, коомдук иштерге активтүү катышып келген.
Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши жана Генералдар кеңеши, ошондой эле ИИОнун өздүк курамы отставкадагы милициянын майору Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Араповдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгырып, туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат. Орду толгус оор жоготуунун кайгысы менен тең бөлүшөбүз. Ниймат Араповдун жаркын жана боорукер элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

ИИМдин Басма сөз кызматы