Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова баштаган Кыргызстандын делегациясы 23-24-мартта Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан «Сергек коом» форумуна катышууда.

Ведомстводон билдиришкендей, форум КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын штаб-квартирасы жайгашкан Таврид сарайында өтүүдө. Ишкер программасы 20дан ашык иш-чараны камтыйт. Форумдун урааны – “Ден соолук үчүн кызматташуу мейкиндиги”.

“Дени сак коом” форумунун ишине Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун РФдагы өкүлү Мелита Вуйнович, ошондой эле көз карандысыз шериктештиктин (КМШ) өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо министрлери катышууда.

Иш-чаранын уюштуруучулары Росконгресс Фондунун «Сергек коом» долбоору жана РФ Саламаттыкты сактоо министрлиги. Форум КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясы, Ленинград облусунун өкмөтү жана РФ Өнөр жай жана соода министрлиги тарабынан колдоого алынууда.