– Нуке, арыба! Биринчи суроону кыргыз идеологиясынын абалынан баштасак? Бул багытта өнүгүүнү, жаңычыл багыттарды байкасак болобу? Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун ишмердигине кандай баа берет элең?

– Арыба, Аслан досум! Биринчиден, кыргыз элимди жана “Азия Ньюс” гезитинин окурмандарын бүгүн башталган Ыйык Рамазан айы менен куттуктайм. Эзелтен Орозо айы жарашуунун, ынтымакты чыңдоонун символу болуп келе жатат. Учурда жалпы бийликтин аракети менен өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөргө кадам ташталып жатат. Дал ошондуктан, ички биримдигибизди көрсөтүп, бийликти колдоп, сүйүктүү Кыргызстаныбызды алдыга жылдырышыбыз керек. Орозо айында бардыгыбыздын жакшы тилектерибиз кабыл болсун!

Ал эми мамлекеттик идеология тууралуу айта турган болсок, бул багытта эгемендик колго тийген убактан баштап кандай гана идеялар, ойлор айтылган жок. Көрсө, коомду алдыга жылдыруу үчүн ар кандай философиялык трактаттардын деле кереги жок экен. Кыргыз – кылым карыткан эл. Өзүнүн баскан жолунда ата-бабаларыбыз ар кандай нарк-насил, салт-санаа, макал-лакаптар аркылуу түгөнбөй турган мурастарды бизге белек катары таштап кетиптир. Дүйнөдө теңдеши жок улуу Манас эпосунда эле эмне деген кереметтер жатат! Манас атабыздын, Каныкей энебиздин кыргызды сактап калуу үчүн кандай кадамдарга барганын эстениздер! Бакай атабыздын насааттары күнү бүгүн дагы актуалдуу. Кыргыз эл жазуучусу Советбек Байгазиев ушунун баарын көп сандаган китептери, публицистикалары аркылуу чоң мээнет менен, элге жеткиликтүү түрдө жазып чыгарса, аны окубайбыз. Андан көрө соцтармактан ушак окуганды жакшы көрөбүз. Айтайын дегеним, мамлекеттик идеология мына ушул элибиздин баскан жолунда жатат. Буга чейин канча жолу бийлик алмашты. Жада калса, ушул мамлекеттик идеологияны ишке ашырууну колго алчу Мамлекеттик катчы институтун дагы жоюп жиберишпедиби! Мен айтып өттүм го, ар кандай философиянын кереги жок экен деп, бизге мамлекеттин башында күчтүү лидер жетишпей жаткан тура! Садыр Жапаров бийлик башына келери менен Мамлекеттик катчы институтун кайра киргизди, Кыргыз эли эзелтеден бери маселе талкуулап, чечип келген Курултай институтун кайра алып келди. Ажобуз өзү элге жакын инсан, башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөзгөн адам. Андыктан, элдин көкүрөк көөдөнүндө канча жылдардан бери кыттай уюп келаткан маселелерди чечүүгө батыл киришти. Эл байлыгын элге кайтарып жатат! Уурулардан мамлекетти тазалай баштады, мында бир туугандарын дагы аяган жок. Мына, бизге ушул идеология керек болчу! Кооз сүйлөгөн менен эч нерсе өзгөрбөйт. Реалдуу кадамдарды байкаган соң эл дагы колдой баштады.

Ошол эле кезде, улуттук баалуу мурастарыбыз аркылуу коомду өнүктүрсө болорун буга чейин канча адам айтып келди. Мурунку жетекчилердин учурунда анын баарын уга берип, кулак бышып калган. Бирок, байкасаңыздар, азыркы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов деле ошол маселелердин тегерегинде сүйлөп жатат. Башында мен дагы буга анчалык маани бербей, “жаттап алганын кайталап жүрөт”- деген ойдо болдум эле. Элдин баары ушинтип ойлогон. Бирок, биз жаңылышкан экенбиз, бүгүн Сүйүнбек Касмамбетовду угуп олтурсаң жүрөк жылыйт, баары муюп, ыраазы болот. Ушул кишинин аракети менен коомдо чоң өзгөрүүлөр пайда болду. Улуттун нарк-насилин, каадасын, баскан жолун ал кишидей эч ким айтып бере албаптыр! Бул инсанды колдоп турсак, сөзсүз ийгиликке жетебиз!

– Буга чейин бийликке сын-пикир айткандардын жоон тобу камакта отурушат. Суракта, сотто жүргөндөр арбын. Кыргызстанда оппозиция болуунун түйшүгү кыйындадыбы?

– Мен бул пикирлерге кошула албайм. Оппозиция болуу түйшүгү кыйындаган жок, кайра тескерисинче, жеңилдей түштү. Эгерде кимдир-бирөө сын айтып чыкса, бүгүнкү жетекчилер буга оперативдүү реакция жасап, дароо жообун берип, ошол маселелерди жеринде чечип берип жатат. Мурда кандай эле? Оппозиция өзүнчө эле кыйкырып жүрө берчү, аларга эч ким баш оорутуп, айтканын угуп койчу эмес. Азыркы бийликтин уга билгени чоң жетишкендик.

Ошол эле учурда, 2021-жылы кабыл алынган жаңы Башмыйзамга жараша бийлик бир кишинин колуна өттү. Мурдагы башаламан, жоопкерчиликсиз система жок. Билесиздер да, кырдаал курчуган сайын парламент же өкмөт садагага чабылып кетчү. Азыр жоопкерчиликтин баарын президент жеке өз колуна алды. Эртең бир нерсе болсо, сурай турган адамыбыз бар. Ошондой болуп жаткандан кийин, бийлик дагы эрежедей тартип орнотуп, ишин алдыга жылдырышы шарт. Мурункудай, ушак сөздөрдү жайылтып, элди козутууга жол жабылды. Бүгүн камакта олтурган жоон топ саясатчылардын бир тобунун жаман ою дегеле болгон эмес. Аларды саясаттагы карт карышкырлар азгырып, арам оюнга кирип кетишти. Камакта жаткан кээ бир тажрыйбалуу оппозиционерлер өздөрү деле Кемпир-Абад маселесин бетке кармап, өлкөдө башаламандык жаратып, чет жактагы демөөрчүлөрдөн алган акчаларын актоого аракет кылганын моюндарына эртедир-кеч алышаар. Чек ара маселеси чечилиши керек болчу. Кыргыз-тажик чек арасында орун алган кандуу кармашты жеке керт башынан өткөзгөн адамдардан чыныгы бакыт эмнеде экендигин сурап көрсөңүз болот. Элге тынчтыктан өткөн бакыт жок. Эртеңки муунга калтырбай, азыркы бийликтин чек ара маселесин чечүүгө киришкенине ыраазы болушубуз керек. Мындай жоопкерчиликти мурда эч ким алган эмес.

– Өлкөбүздө батыштан каржыланган ондогон ЖМКлар бар. Саясый аба ырайга таасир эте турган бейөкмөт уюмдардан баш адашат. Негизи сырткы долбоорлор менен иштеген чөйрөдөгү топторго көз карашың кандай? Мамлекетибиздин туруктуулугуна салым кошушабы, же жарга тартышабы?

– Мына ошол маалымат каражаттарын колдоп, акча берип жаткан батыштагы кожоюндары качан Кыргызстанга жакшылык кылды эле? Булардын бир гана максаты бар – кыргыз эли алардын алдында ар дайым чөгөлөп, көзүн карап турушу керек. Бийлик өз алдынча аракет жасап, мамлекеттүүлүктү бекемдей баштаганда эле жапырт чабуул жасашып, төңкөрүш кылууга аракет жасашат. Грузияда “Чет элдик тыңчылар жөнүндө” мыйзам долбоорун АКШнын өзүнүкүнөн көчүрүп, кабыл алышты. Бирок, Батыш буга караманча каршы туруп, грузин элин көчөгө чыгарып, артка кайтарууга жетишишти. Өздөрүндө иштеген мыйзам башка мамлекетте иштесе болбойбу? Болбойт, анткени, алар мындай шартта ички ишибизге кийлигише албай калышат. Мен ошондуктан, депутат Надир Нарматова тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун колдойм. НПО, чет элдик маалымат каражаттары бизге ызы-чууну, туруксуздукту гана экспорттоп келе жатат. Улуттук баалуулуктарга каршы келген агымдар менен жаш муунду суугарып келет. Буга кескин каршы турушубуз зарыл.

– Соңку убакта сөз эркиндигине мамлекеттик машина тарабынан “тебелөө”, кысымдар күчөгөнү айтылууда. Текебаев айткандай, Түркмөнстандын жолуна түшпөйбүзбү?

– “Сөз эркиндиги чектелип жатат”- деген сөздү бүгүн кимдер сүйлөп жатат? Өйдө жакта сөз болгондой, жапырт баары Батыштын акырынан жем жеген журналисттер. Алар ушак жазса, бирөөнүн ар-намысын тебелесе карап туруш керекпи? Эмнеге аларга баары боло бериши керек? Жоопкерчиликтүү бийликти курууну убадалап, Садыр Жапаров башына оор түйшүктү алды. Анда калган баарыбызда да жоопкерчилик болсун да. Мен бул багытта президенттин жасаган ишине ыраазы болуп кетем. Садыр Нургожоевич социалдык тармактарга чыгып жаткан ар кандай пикирлерге өзү жооп берип, элге аралашып жүргөндө: “ушундай да жеңил-желпи президент болобу?”, “Ажо майда-чүйдө маселеге чейин өзү киришип, жооп берип жатат” — деген ойлор көп болду. Бирок, турмуш чындыгы көрсөткөндөй, президенттин элге жакын болгону эң жакшы болуп атат. Мурда өз арманын бийликке кайра-кайра кат жазып жеткизе алчу эмеспиз. Азыр бир пост жазып же видеокайрылуу жасап койсоң болду, дароо реакция болот! Мурдагыдай эле ким, эмне каалаганын жазып, чыгарып жатат. Азыр ошондуктан, президенттин коомдук кабылдамаларынын кереги деле жок болуп калды. Жада калса, чиновниктер дагы тигил же бул маселени билбей, ажодон сөгүш алып жатышат.

– Бийлик короосундагы башка чиновниктерге салыштырмалуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата маалыматтык чабуулдар күчөп баштагандай. Бул көрүнүштүн түпкү мааниси эмнеде? Коомчулук билбеген саясый күчтөрдүн кагылышы бара-бара курчуп, кандайдыр бир кризистик абалга такалбайбы?

– Мен жакында эле өрүкзарлуу Баткен облусундагы чек ара заставаларын кыдырып келдим. Былтыр орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кармаш жөнүндө китеп жазууга кириштим эле, өз көзүм менен көрүп келейин дедим. Кыргызстандын чек арасын кайтарып жаткан жоокерлердин кийген кийимдери, жашоо-шарты, курал-жарактары жомоктогудай өзгөргөн. Орто жашаган үй-бүлөлөрдө дагы андай рацион жок. Баарынан да катардагы жоокерлер, офицерлер армиянын кадимкидей чыңдалып калганына сыймыктанат. Ошол эле учурда, Баткенде кандуу окуялар болгон учурда Камчыбек Ташиевдин жеринде болуп, кадимкидей кайрат берип жатканын айтышты. Бул киши дагы кабинетинде олтуруп, Бишкектен чыкпай жата берсе ким урушат эле? Бирок, баатырдын ага намысы жол бербейт. Мына ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевичти баары “биздин Генерал!” — деп сыймыктанып айтып жатканын байкадым. Бул билинбеген менен өтө чоң иш! Анан кантип, Кыргыз армиясын заманбап техникалар, курал-жарактар менен камсыздап, мыкты армиялардын катарына кошуп койгон Камчыбек Ташиевдин душманы болбосун?

Экинчиден, кечээ жакында видео-кайрылуусун көрдүм. Ага чейин деле коомчулук жакшы билчү: К.Ташиев УКМКга төрага болуп келгенден бери коррупцияга каршы күрөш кадимкидей жанданды. Президент, Башпрокурор, кимдин болбосун, тууган-уругу экендигине карабай, чечкиндүү күрөшүп келе жатат. Ошентсе жыйынтык болот турбайбы! Арийне, бул ийгиликти жаратыш үчүн К.Ташиев алгач коопсуздук органдарынын жашоо-шартын оңдоп алды. Алар үчүн мурда болуп көрбөгөндөй шарттар түзүлдү, эгер бир учурларда акимчиликтин подвалында иштеп келишсе, азыр заманбап имараттарга ээ болушту. Генерал Ташиевдин эрки күчтүү экен, бир дагы уурунун алдында тайманбады. Мамлекетти отуз жылдан бери талап-тоноп келе жаткан уурулар анан тынч жатабы? Мына ошолор бүгүн тынч уктабай, генералды кетирүүнү көздөп, каршы ар кандай маалыматтык чабуулдарды уюштуруп жатышат.

Үчүнчүдөн, бийликке жетпей калгандардын тобу бар. Алардын да планы ачык белгилүү – президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунан кара мышык аралатуу. Эгерде эки достун ортосунда ырк кетсе, бийликти кулатуу жеңил болорун алар абдан жакшы билишет.

Бүгүнкү күндө достордун ортосундагы мамиле бекем. Алар ар кандай көчө ушактын деңгээлине түшө турган адамдардан эмес. Садыр Жапаров менен Ташиевдин ынтымакта болушу мамлекет үчүн дагы аба-суудай керек. Экөө чогуу, ынтымакта “Кумтөрдү” Кыргызстанга кайтарды, уурулардын уйкусун качырышты, алдыда дагы көп жакшы долбоорлор бар. Ошондуктан, мамлекетчил, мекенчил инсандар катары, алар да ушул ынтымакты бекемдөөнүн үстүндө иш алып барышарынан үмүт кылып туралы.

Маектешкен Аслан Сартбаев
Булак: “Азия Ньюс” гезити, №11 (492), 23.03.2023