Бишкекте 27-мартта эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Иш-чара кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин эмгегин баалоо максатында уюштурулду.
Театр кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан жөө жүрүш менен Абдумомунов атындагы драма театрынын алдына чогулат.
Эл аралык театр күнүн майрамдоо боюнча токтом 1962-жылы Париждеги улуттук театрдын ачылганына байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү сахна адамдары, анын ичинде Кыргызстанда да 1962-жылдан баштап 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.
Бүгүн Кыргызстанда 22 театр, оюн-зоок мекемелери чыгармачылык иш жүргүзөт. Анын ичинде сегиз музыкалык-драма театры, жети драма театры, эки куурчак театры, үч филармония, бир опера, балет театры жана мамлекеттик цирк бар.
2022-жыл ичинде жалпы репертуардык спектаклдердин жана иш-чаралардын коюлушунун саны 2 519га жетти. Анын ичинен 75 репертуар жаңы коюлду.