«Чакан ГЭС» ААК жана China National Heavy Machinery Corporation ортосунда Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөбүздүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.

Маалыматка ылайык, Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 мин ГА жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.