Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. «Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз», — деди Орунбеков.