УКМК Жалал-Абад областы боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Аксы районунун РЭСинин системалуу түрдө, пара опузалоо фактысы аныкталды. Ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997-жылы туулган Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районун тургуну А.Э.А.нын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, мыйзамсыз пара катары сыйлык алуу фактысы аныкталды.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) Кылмыштардын бирдиктуу реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2023-жылдын 25-мартында Т.А.А. 18 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.
КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефону аркылуу Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.