Бишкекте жекшемби, 2-апрелде борбор калаанын 145 жылдыгына карата «Велосезон-2023» ачылышы болот.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталып Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багына чейин уланмакчы.
«Жүрүштү саат 09:00дө баштап,10:30да аяктоо пландалууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, веложарыштын жыйынтыгы менен байгелүү түрдүү сынактар өткөрүлөт. Спорттук иш-чараны Megacom компаниясы, “Велоfriends позитив KG” бейөкмөт уюму борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурууда.