Бишкекте EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2023 эл аралык универсалдуу өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 29-мартта Бишкектеги Чокан Валиханов 2 дарегинде жайгашкан «АЮ-Гранд» соода борборунда өтөт. Башталышы саат 11:00. Көргөзмөгө Кыргызстандын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары катышары күтүлүүдө.

Көргөзмөнүн тематикасы:

— кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай продукциялары;
— транспорт жана логистика;
— банктар жана камсыздандыруу компаниялары;
— айыл чарба техникасы;
— энергия;
— эмерек;
— бал жана бал азыктары;
— сүт азыктары.

Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында сыр фестивалы жана балдын көргөзмөсү («Apiary 2023») өтөт.

Көргөзмөнүн максаты — ички жана тышкы рынокто жогорку сапаттагы ата мекендик жана чет элдик продукцияларды жана кызматтарды жайылтуу. Ишканалардын жана Евразиянын өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өз ара байланышты өнүктүрүү.