Кыргызстанда Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу (ОСАГО) 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү болот. Маалыматты Sputnik агенттигине Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы тастыктады.
Февралдын аягынан бери коомдук талкууда турган министрлер кабинетинин токтом долбоору кабыл алынган. Эреже менчик автоунаасы барларга гана тиешелүү, камсыздандыруусу жок машина ээлерине кийинки жылдан тарта айып пул салына баштайт. Ал эми юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына таандык болгон, ошондой эле башка мамлекетте каттоого алынган автоунаалардан ушул жылдын 1-апрелинен тарта сурала баштайт.
Автотранспорттун бардык түрүнө тиешелүү талап быйылкы апрелден тарта күчүнө кириши керек болчу, бирок бийлик элдин нааразычылыгынан улам мөөнөтүн жылдырган. Мыйзамдын чийки экенин айткан президент Садыр Жапаров аны жакшылап иштеп чыгууну тапшырган. Муну менен бирге долбоорду бир гана мамлекет иштетиши керек экенин билдирген болчу.