Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңеш кандай сотторду тандап жатат?
Башка тармакта иштеген кесипкөй юристтер сот болуу укугунан түздөн түз ажыраганы билинип турат. Бул туура эмес саясат. Эмне үчүн туура эмес деп жатканыбызды азыноолак түшүндүрүп берели.

Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңештин курамы 11 адамды түзүп, анын сегизи соттордун өздөрүнөн турат экен.
Кеңештин төрагасы Камчыбеков Шералы Жогорку соттун судьясы, орун басары Аида Сейдакматова Жогорку соттун судьясы. Кеңештин мүчөлөрү болсо Нургуль Асанова Жогорку соттун судьясы, Эльмира Барктабасова Октябрь райондук сотунун судьясы, Айвар Кубатов – Бишкек шаарынын судьясы, Эшалиев Азиз Свердлов райондук сотунун судьясы, Сагынбекова Дамира Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы, Акбердиев Марат Ош шаардык сотунун судьясы.
Көпчүлүгү соттордон турган кеңеш адилеттүү чечим чыгара алабы? Мындайда кызыкчылыктар кагылышы деген нерсе болчу эле…
Кол ийрисине тартпай деп эч ким кепилдик бере албайт да чынбы?

Булар 2022-жылдын июль айынан баштап 7 адамды тандап, КР Президенттине сунуш кылып жиберишкен. Алар бардыгы сот тармагында иштеген мурда тандоодон өтпөй калган мурунку соттор жана сот тармагында иштеген кадрлар болгон.
Ал эми, азыркы күндө да республика боюнча 18 орунга сотторду тандоо жүргүзүү аяктап калды. Президенттке сунушталып кете турган 18 адамдын ичинен 7 адам Жогорку сотто иштеген консультанттар жана референттер, ал эми 11 адам жергиликтүү соттордо иштеген кадрлар жана мурда бир нече жолу өтпөй калган соттор. Башка тармактан эч бир өкүл жок.
Мисалы:
1. Матемиров Азат, Ысык-Кол районуна тандалып өттү (иштеген жери Жогорку сотто бөлүм башчы),
2. Абдинасирова Гульзат, Тоң районуна тандалып өттү ( иштеген жери Жогорку сот консультант),
3. Матказиев Автандил, Кадамжай райондук сотуна тандалып өттү (иштеген жери Жогорку сот референт),
4. Кулукеева Жанайым, Кара-Көл шаардык сотуна тандалып өттү (иштеген жери Жогорку сот бөлүм башчы).
5. Жанболотов Улан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна тандалып өттү (иштеген жери Жогорку сот бөлүм башчы),
6. Жунушалиева Индира Сузак райондук сотуна тандалып өттү ( Жогорку сот референт),
7. Алымбекова Бактыгуль, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна тандалып өттү (Жогорку сот консультат –Сот адилеттигинин тандоо кеңешинин төрөгасынын орун басары, А.Сейдакматованын бүгүнкү күндө жардамчысы болуп иштеп жатат)ж.б.
Бул эми башка тармакта иштеген кесипкөй юристтер сот болуу укугунан түздөн түз ажыраганы билинип турат. Ошол жерде өтүп жаткан учурда сот болууга кандидаттар сот системасынын корупцияланышы ачыктан ачык көрүнүп жаткандыгын айтып нааразы болуп жатышат. Ал эми тандалган кандидаттар экзаменге кире электе эле ким өтөөрүн алдын ала эле айтып жатышты. Биринчи май районундук сотуна өткөн Алымбекова Бактыгул, анткени ал тандоо кеңешиндеги төраганын орун басары А.Сейдакматованын жардамчысы. Ошол районго койгон 2 претендент өздөрү катышуудан баш тартып, арыз жазып кайтарып алышкан. Бул демек баары бир Б.Алымбекова өтөт деген түшүнүк да. Көпчүлүк учурда жердешчилик саясат да алдыга чыгып жаткандай.
Алымбекова Бактыгул 2020-жылы Москва райондук сотуна талапкерлигинен КР Президентинен кайра кайтарылган. Кайра кайтарылгандарды кайра эле сүрөп жаткандар боюнча ушул жерде келтирлиген фактылар боюнча президент чечим чыгарат деген ойдобуз.