Бүгүн Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйыны өтөт.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалына жана мындан аркы перспективаларына тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоону пландаштырууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлаары пландалууда.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук келди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, комиссиянын теңтөрагалары болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук эсептелет.