Бишкектин Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Ала-Арча” соода борборундагы өрт толугу менен өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 30-мартта катталган, жерине ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү унаасы жана Штаб тартылган.

«Өрт саат 19:41де чектөөгө алынып, толугу менен саат 20:08 өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен соода борборунун 4-кабатында 2 чарчы метр жыгач полу жана вытяжканын кыймылдаткычы күйгөн», — деп айтылат маалыматта.

Өрттөн эч ким жабыркаган эмес, тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.