«Инфосистема» мамлекеттик ишканасы 31-марттан баштап пилоттук режимде ишке кирет. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.

2023-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталындагы үлүштүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке жана алардын туунду компанияларына таандык болгон чарба жүргүзүүчү субъектилердин сатып алууларынын маалыматтык системасы иштелип чыккан.

Сатып алуу порталы максималдуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жана ишенимдүү. Мындан тышкары компаниялар үчүн товарларды жана кызматтарды сатып алуунун натыйжалуулугун жогорулатат.

Сынактарга катышуу үчүн zakupki.okmot.kg шилтемеси боюнча сатып алуулар порталында катталуу керек.

Порталдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча суроолоруңуздар болсо, төмөнкү телефон аркылуу Техникалык колдоо кызматына кайрылыңыздар: +996 (312) 66-03-35, +996 (312) 62-24-31.