И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Бишкек, Чүй, Талас жана Нарын облустарынан 200дөн ашык окуучу катышкан көп тармактуу “МОСТ” эл аралык олимпиадасы өттү.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, олимпиада 10-11-класстардын окуучулары үчүн бланктык тест түрүндө өтүп, орус тили, математика жана физикадан тапшырмаларды камтыды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси кийинчерээк жарыяланат.

Аталган олимпиаданы “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы “СТАНКИН” Москва мамлекеттик технологиялык университети менен биргеликте уюштурду.