«Дордой» базарындагы жеке ишкер Айжан Мусабаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге укугун коргоп берүү үчүн кайрылуу жолдоду.

УКМКнын төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке

Кайрылуу

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!!!

2019-жылдан бери Гульруз жана Айдин аттуу адамдар алдап жүрүшөт. Мен Айжан Мусабаева жана эки жесир аял 6 баласы менен алданып, кыйналып, азап тартып бүттүк. Гульруз менен Айдин ири суммадагы акча жана товарларды алып, алдап кетишип кайтарышпай жүрөт.

Бул убакыттын ичиндеги кайгыдан жана депрессиядан улам жүрөк оорусуна, гипертония жана кант диабетинен жабыркап ден соолуктан ажырадык. Ал тургай көптөн бери өмүрүбүзгө коркунуч келтирип, коркутуп, тынчыбызды алып жатышат!

Гульруз жана Айдин, Биз силерден коркпойбуз, корксок бир гана Кудайдан коркобуз!!!
Арыз менен МВД ГСУга кайрылганда күбөлөрдү, такталган маалыматтарды, документтерди, далилдерди көрсөтүп жаттык. Бирок, эч кандай далилди эске албастан, алдамчылык менен ачылган кылмыш ишти жаап салышты.

Азыр бул иш ГКНБнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кайрадан тергелип жатат, бирок, эч кандай жылыш жок! Чындык издеп Сиз жетектеген Мекемеге дагы келдик эле. Жетимдердин ишин Улуу Рамазан айында ар тараптуу, адилет жүргүзүп бересиз деген үмүтүбүз чоң.

Биз бир нече жолу Сизге кат жүзүндө кайрылганбыз, бирок Сизге жетпей жаткан окшойт, ошондуктан ММКга (СМИ) чыгууга мажбур болуп жатабыз. Убактыңызды бөлүп, бизди кабыл алсаңыз, кеңири маалымат бергенге даярбыз. Ошондой эле булар Бажы, Салык органдарынан миллиондогон пайда көрүп, төлөмдөрүн жашырышы толук мүмкүн.

Улуу Орозо айында Сизден чоң сураныч, соопчулук үчүн карап берип коюңуздар. Жетим-жесирлерди ыйлатпай, тез арада кабыл алып, жардам берүүңүздү суранабыз!