Борбор калаада 8-апрелде «Жалпы жат жазуу» акциясы өтөрү маалым болду.
Ал саат 14:00дө башталат.
«Каалоосу болгон ар бир адам өзүнүн сабаттуулугун жыйырманчы ирет текшерип, азыркы орус адабияты менен тааныша алат. Быйыл жат жазуунун текстин владивостоктук жазуучу Василий Авченко түздү», — деп айтылат маалыматта.
Акция төрт жерде уюштурулмакчы:

«Газпром Кыргызстан» мектебинде;

КРСУнун башкы корпусунда жана гуманитардык корпустун эки аудиториясында.

200 бош орун бар экендиги айтылды. Каттоо 29-мартта башталган.
Аталган акция борбор калаада бир нече ирет уюштурулган.
Долбоордун жетекчиси Вячеслав Беляков ЖМКлардын бирине жат жазуу боюнча комментарий берген. Ал акциянын жайылышына пандемия өзгөчө таасир эткенин баяндаган. 2019-жылы диктантка россиялык 900, чет элдик 350дөн ашык шаар катышканын, азыр да ошол масштабга кайрадан акырындап келе жатканын билдирген.
Быйыл жат жазууга Камбоджа кошулса, чет жактагы өлкөлөрдүн ичинен Казакстан рекорд койгон, тагыраагы, аларда акция 10 шаарды камтый турган болгон.
«Жалпы жат жазуу» — жыл сайын өткөрүлүп келген эл аралык билим берүү акциясы. Ага каалаган ар бир адам катыша алат. Максаты — ар бир адамга орус тилин кандай билерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана сабаттуулукка болгон кызыгуусун арттыруу. Бул жат жазуунун идеясы Новосибирскиде жаралган.