«Пари Сен-Жермендин» аргентиналык чабуулчусу Лионель Мессинин үйүнө эки каракчы кирүүгө аракет кылышкан, деп билдирет Antena 3 басылмасы.

Басылманын маалыматына караганда, окуя 5-апрелде Барселонадан 20 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Кастелдефельс шаарында болгон. Жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиде кара кийинген, бет капчан эки адам бакчага кирип, бирок үйгө кире алышкан эмес. Милиция келгенге чейин алар кылмыш болгон жерден чыгып кетишкен.

Кылмышкерлерди көзөмөл камерасы тартып алган.

Месси ПСЖга 2021-жылы август айында өткөн. Француз клубуна чейин ал «Барселонада» 18 жыл ойногон. Аны менен бирге 10 жолу Испаниянын чемпиону болуп, төрт жолу Чемпиондор Лигасын уткан.

Анын ПСЖ менен келишими 2023-жылдын июнуна чейин түзүлгөн. ЖМКлардын маалыматына караганда, париждик клуб менен жаңы келишим түзүүдө маянасы кыскаргандыктан, Месси башка командага өтүүнү көздөп жатат. Мүмкүн болгон варианттарга караганда, ал “Барселонага» кайтып келүүсү жана АКШнын MLS клубдарынын бирине өтүү кирет.