ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы эскертет, банктык карталарды колдонуу менен ар кандай акча операцияларын жүргүзүүдө этият болуңуздар!

Киберкылмышкерлер интернетте алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп табышат. Алдамчылык чабуулдардын курмандыгы болуп калбаш үчүн, алардын ыкмаларын жакшы билишиңиз керек:

— Пайда алуу максатында аккаунттарды бузуп, тааныштар аркылуу кат жөнөтүү. Киберкылмышкерлер почтага же социалдык тармактарга баракчанын ээсинин туугандарына жана досторуна тез арада акча каражатын которуу өтүнүчүн жазып, ар кандай кырдаалдарды ойлоп табышат.

-Кайрымдуулук, туроператорлор же авиакомпаниялардын жасалма веб-сайттары. Колдонуучуларга эскертүү — оорулуу баланы дарылоо үчүн тез арада акча чогултуу зарылчылыгы, ар кандай жолдомолор үчүн өтө арзан баалар, чет элдик банк эсебине же электрондук капчыкка акча которуу өтүнүчү.

— Пайдалуу киреше сунуштары. Алчы таасын жеген алдамчы жумуш берүүчүлөр билимди талап кылбаган алыс аралыкта иштөөнү сунушташат. Уюштуруучулук муктаждыктарын төлөө үчүн алдын ала акча каражаты талап кылынат. Адам акча которуп бүтөөр менен эле жасалма уюм жок болот.

Каражаттын жоголушуна алып келген шектүү транзакция же программалык камсыздоонун бузулушу жөнүндө “банктык коопсуздук кызматынан” чалуулар аз эмес. Эсепти калыбына келтирүү жана акчаны кайтаруу үчүн аларга жеке маалыматтар, карта номери керек имиш.

Акчаны жоготпоонун эң оңой жолу — байланыштарыңызда жок белгисиз номерлердин чалууларына жооп бербөө. Эгерде чалган адам сиз менен чындап эле маанилүү маселе боюнча байланышуусу керек болсо, ал сиздин телефон номериңизди колдонуп, сизди мессенджерлерден таап же SMS жөнөтө алат.

Эгерде сиз чалууга жооп берип, сиз менен «банктын адиси, коопсуздук кызматы» сүйлөшүп жатканын билсеңиз, андан ары сүйлөшүү үчүн банкка кайра чалаарыңызды айтыңыз. 99% учурларда банктын веб-сайтынан же дебеттик/кредиттик картадан номерлерге чалып, алдамчылар сизге телефон чалганына ишенесиз.

Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын меймандары, Алдамчылардын айла-амалдарына кабылбаш үчүн, банктык карталардын жардамы менен ар кандай акча операцияларын жүргүзүүдө этият болуу керек! Белгисиз адамдар тарабынан жөнөтүлгөн шектүү шилтемелерине кирбеңиздер, эч качан эч кимге банк картасынын номерин жана паролун бербеңиз, жеке маалыматтарды ачыкка чыгаруудан алыс болуңуз.

 

ИИМдин Басма  сөз кызматы