Эртең, 11-апрелде, саат 9:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин бир топ жерлеринде таза суу берүү токтотуларын мэриянын маалымат кызматынан эскертишти.
Алар турак жайлар, мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттык сактоо мекемелери, социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары экени айтылды.
Суу берилбей турган аймактар:

Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Тимур Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү;

Жумушчулар шаарчасы, Айыл чарба институту, Ак-Өргөө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көч. ылдый жагы).

Чектөө «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу кампаларындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштеринен улам болорун айтышты.
Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдарга жана калкка сууну алдын ала камдап алууну эскертти.