Экономика

Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 4,6 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-мартында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 184 миллиардга жакын сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган көрсөткүч 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 4,6 пайызга көбөйдү.

«2023-жылдын январь-мартында өнөр жай продукциясынын көлөмү 92,5 миллиард сомду түздү жана 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 7,6 пайызга, химиялык продукция (36,4 пайызга), фармацевтикалык продукция (19,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык иште (16,2 пайызга), негизги металлдар (13,6 пайызга), резина пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары (10,7 пайызга), , тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамекиге (тамеки 3,1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казууда (21,4 пайызга) көбөйдү», — деди ал.

Жумалиев кошумчалагандай, курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 2,4 пайызды, айыл чарбасында — 1,9 пайызды, дүң жана чекене соодада — 11,8 пайызды түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button