Камчаткада Шивелуч жанар тоосу ойгонуп, шейшемби күнү таңдан тарта атыла баштаган деп билдирди Орусиянын Илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш бөлүмүнүн вулканология жана сейсмология институтунун директору Алексей Озеров «Коммерсант» гезитине.

Атылган Шивелуч жанар тоо вулканынан чыккан күл катмарынын калыңдыгы төрт саатта 8,5 сантиметрге жетти.

Россиянын Илимдер академиясынын геофизика кызматынын Камчаткадагы филиалы жанар тоо саат 11-апрелде таңкы саат 5:44тө атылганын кабарлады.

Ал атылгандан кийин күлү 20 миң метрдей бийиктикке бүркүлгөн. Россия ӨКМи күл Камчатканын борбордук бөлүгүнө чейин жетерин божомолдоп жатат. Учурда мектептер жабылып, автоунаа кыймылы токтотулду.

Шивелуч — Камчаткадагы ири жанар тоолордун бири. Вулканга эл жашаган Ключи (Усть-Камчатка) поселогу жакын жайгашкан. Калктуу пункт менен жанар тоонун түштүк-батыштагы аралыгы 47 чакырымды түзөт.