Шаршембиде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17…+22, Талас өрөөнүндө +14…+19, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +7…+12, Нарын жергесинде +8…+13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19…+21 жана Ош калаасында +18…+20 градуска жетет.