Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында депутаттар «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап чыгышты, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Мыйзам долбоорунда Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдорду түзүү, уюштуруу жана пайдалануу, ошондой эле аларды курууга, реконструкциялоого жана башкарууга инвесторлорду кызыктыруу каралган.

Талкуу учурунда депутаттар аймактардын ички жолдорун өнүктүрүү, республикалык маанидеги жолдорду куруу жана реконструкциялоо маселелерин көтөрүштү.