Бишкектеги батирлердин биринен синтетикалык баңгизаттарды жасоочу лаборатория аныкталып, аны аймактарга жөнөтүүгө даярдалган ар кандай түстөгү 3 килограмм 324 грамм баңгизат табылды. Бул туурасында Ош шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Выявление синтетической нарколаборатории в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023

Ош милициясы жогорудагы факт кооптуу жагдай бар экендигинен кабар берерин эскертти. Андыктан ата-энелерге кайрылып, балдарынын жүрүм-турумуна тынымсыз көз салып, телефондон жазышууларын, социалдык түйүндөрүн такай көзөмөлдөп турууну өтүндү.
Аны менен катар жарандарды жергиликтүү милиция менен тыгыз байланышта болуп, түрдүү шек жараткан жагдайларга көӊүл буруп балдардын келечегине жана коопсуздугуна биргеликте кам көрүүгө чакырды.