Бул тууралуу «Мурас» фондунун төрагасы, белгилүү тарыхчы, публицист, журналист Кыяс Молдокасымов, белгилүү укукчу журналист, коомдук ишмер Нышанбек Кочкоров жана “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун мүчөлөрүнүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Жакынкы күндөрдө агартуучу, жазгыч акын, тарыхчы, ойчул Молдо Нияз Эрназаровдун 200 жылдык мааракесине карата ОшМУнун базасында эл аралык конференция өтөт.  Андан сырткары Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесине арналган даректүү, көркөм тасма ОшМУнун  «Маркетинг, коммуникация жана коомчулук менен байланыш борбору» маалыматтык бөлүмү жана  “Молдо Нияз мурастары” коомдук фонду менен биргеликте тартылат. Учурда даярдык иштери башталды.