Ак ниетсиз иштеген чуулуу курулуш компаниялары кара тизмеге киргизилет. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев парламентте билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте курулуш компаниялары тууралуу маалыматты камтыган реестр түзүлөт.

«Үй алууну каалаган жарандар так маалыматты ошол реестрден ала алат. Кайсы курулуш компания реестрге кирген болсо ал тартиптүү, карызы жок, эч кимди алдаган эмес, сот процесстери жок дегенди түшүндүрөт. Ошондо биз тазаланабыз. Эгер ал реестрге кирбесе, кара тизмеде турат деген сөз. Ал эми котлован казып жатканда эле акчасын алып алгандарды да көзөмөлдөп, тартипке келтиребиз», — деди Төрөбаев.

Ошондой эле ал ишти тездетүү үчүн алгач өкмөттүн жобосун кабыл алып, андан соң мыйзам долбоорун алып келишерин белгиледи.