Бишкекте туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, топтун мүчөлөрү кармалып, мефедрон синтетикалык баңгизаты алынды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, 27-мартта И.Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын “жашырууга” аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын окуучулары, 18 жаштагы А.А.Б. жана 16 жаштагы А.Б.Т. кармалган.

Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP” баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 грамм) табылып алынган. Бул 1 грамм заттын базар баасы 10 миң сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенджерлер аркылуу 5 миң сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, бул табылып алынган 921 грамм баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, бул баңгизаттын “дозалап” сатылган баасы 11 млн 857 миң 500 сомго жетет.

Аталган фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту “Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 4-апрелде Ж.Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен 19 жаштагы А.С.Д. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды.

Жогорудагы кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилди.