Жаңы проект тигилерге жакса жакшы болот эле.  Кыйналып да кеттим. Өз алдынча иш баштоо деле оңой эмес экен, деген ойлор менен алпурушуп келе жатсам так маңдайымдан курбум Айнура менен жолдошу Тилек чыкты.  Бактыма жараша алар кинотеатр жакка бет алышты. Өөөх кудай бир сактады.  Ары карап ылдыйкы кабатка түшкөнү лифтке бара жатып, Бектурду көрдүм. Ооба Бектур, кадимки эле мен чанып кеткен Бектур. Чыкыйып кийинип жанында сулуу бир селки, колуна попкорн көтөрүп алыптыр. Туура булар кино көргөнү келе жатышат. Мурда да төртөөбүз ушинтип ээрчишип келип Дордой Плазанын ичин жаңырта шарактап күлүп, кино көрүп кетчү эмес белек. Эми, эми эмне болду эч нерсе, болгону мен буулугуп, тумчугуп бараткан үйдөн кеттим…. Жок! Андай эмес, сен бар бакытты чанып кеттиң деди ички дүйнөм.

Таксиге отураар менен Бектур менен өткөргөн 5 жылдык өмүрүмдү эстедим. Мен Бектурдун үйүнө 2-курста келин болуп келдим. Кайын журтум окууну аяктаганча контракт төлөп, экөөбүзгө эки бөлмө үйдү ипотекага алып беришти. Баары жакшы болуп аткан. Бирок, бир күнү жолдошумдун жумушу үзгүлтүккө учурап, акчадан кыйналып баштадык.

Бирок бул  мага жакпады. Анткени Бектурдун жумушу кээде болуп, кээде болбой калса таксиге чыгып жүрдү. Окууну бүткөн соң балалуу болдук. Бала менен үйдө отурдум. Бала 2ге чыкканда иштейм деп чыктым, аныма да макул болду. Жумушта иштеген жигиттер менен Бектурду салыштырып, сен иштебейсиң, акчаны мен эле таап жатам деп күндө бир чыр салам. Бектур бакыт акчада эмес, сабыр кыл баары жакшы болот. Элчилеп батирде турбайсың, Айнура менен Тилекти кара, батирде турат, эки баласы бар, бирок бактылуу, дейт. Бир күнү отуруп,  жай баарын түшүндүрдү, жумушу болорун, болгондо да өтө жакшы пайда табарын айтты. Болбой айтыша бердим. Акырында жаагыма бир чапты да сыртка чыгып кетти. Бул кылыгы ого бетер мени жиндентти. Иштебей жүргөнү аз келгенсип мага кол көтөргөнүн.

Акыркы күндөрү үйгө кеч келет. Баланы ойнотот, мен болсо такыр көңүл бурбайм, тамак да жасабай калдым. Жаныма жакын жолотпойм. Ал да мени күттү, өзүнө келер деп ойлоду. Мен теңирден тескери кеттим. Бир күнү кийимдерди чогултуп, мындай жашоо болбойт деп кетип калдым. Артыман Бектур келди. Бир аз күтө тур жумуш болот, ортодо бала бар кыйнаба деген болду. Ага да болбодум.

Кудай жалгап, ишим жакшы болуп мен жазган проект бир компанияга жагып, офисине чакырып иштешип баштадык. Бир күнү супсулуу айым келди да башыман ылдый бир карап шефтин кабинетине кирип кетти. Ошондон кийин иш солгундап, проекти каржылай албайбыз деп айтышты. Көрсө ал шефтин аялы экен, кызгандыбы айтор, жумуш артка кетип баштады. Акчадан кыйналдым. Батирге де бере албай калдым. Бала болсо айылда апамдар менен. Баланы шылтоолоп Бектурдан акча алдым. Улам бир компанияга проектти көтөрүп барам.

Ошентип жүрүп арадан бир жылдай убакыт өттү. Бир ирет аяшым, курбум Айнурага жолугуп калып, Бектурдун жумушу жакшы болуп жатканын, эми мага кайра келбейм дегенин уктум.

Ошол укканым чын экен да, мына бүгүн көрдүм го, жакшы кийинип, жаш сулууну жетелеп киного кирип бара жатат. Көктүгүмдүн азабы. Өзүмө аз болот! Тренинг деген балээге барып, өзүңө кара, өзүңдү биринчи орунга кой деп жүрүп, жеткен жерим ушул болду. Ортодо баланы да кыйнадым. Атасын сагынат. Бектур ага барып турганы менен эми үйлөнсө, балалуу болсо мурдагыдай көп барбай калат да. Бар бакытты чанып эмне таптым. Айнура жакшы эле айтты башында, кайра кел, сабырдуу бол бир аз деп. Мен эмне дедим, күйөөнүн көзүн карап жашай албайм дедим, иштеген иши жок дедим. Кудайым ушинтип сынайт турбайбы, тапкан бир аз акчама чиренип, спонсорго ишене коем деп баарынан кол жуудум. Бектурдун мүнөзүн жакшы билем, ал эми мени кечирбейт. Кезинде кандай гана уу сөздөрү айттым.

Айнура менен Тилек чынында бактылуу экен. Бир бөлмөлүү батирде турса да ичинде бакыт, сүйүү бар. Ага да айта берет элем, ушул бир бөлмөгө баарыңар кантип батасыңар деп. Көрсө бакыт бар жерде баары батып, баары жакшы болот турбайбы. Мына эми жумуш жакшы болуп жатыптыр, Айнуралар үй алышыптыр үч бөлмөлүү. А мен, мен эмне таптым, сабырсызмын. Апам көп айтчу сабырсызсың, чыдамкай бол деп. Сабырсызмын…

Жазгүл Баяналиева

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.