Эки күндөн бери коомчулукта Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстандын картасына кирип калды, Google көрсөтүп жатат деген кептер айтылып келет. Карап көрсөк дал ушул биздегидей маселе буга чейин Япония, Индия, Кытай, Германия мамлекеттеринде да болгон экен.

2013-жылы сентябрь айында, Япон бийлиги өлкөдөгү муниципалдык чиновниктерге жана мамлекеттик университеттерге Google Карталарды веб-сайттарында колдонууну токтотууга кеңеш беришкен. Чектөөнүн себеби, бийликтдин пикири боюнча, Google компаниясынын Япония өзүнүкү деп эсептеген талаштуу аймактардын атын туура эмес көрсөткөнү болгон.

Электрондук карталарда чийилген чек аралар жана аларга колдонулган аталыштар биринчи жолу шек жаратып жаткан жок — Google Карталар буга чейин Испания менен Марокконун, Индия менен Кытайдын, Германия менен Нидерландиянын ортосундагы аймактык чыр-чатактын чордонунда болгон. 2010-жылы Google Карталардагы мүчүлүштүктөр Латын Америкасында бүтүндөй согушту тутандыруусуна аз калган.

Мындай окуя биздин өлкө менен биринчи эле жолу болуп жаткан жери жок. Эсиңиздерде болсо өткөн жылы Тажикстан кол салгандан кийин да дал ушундай маселе коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анда Лейлек районунун айрым чек арадагы айылдарын Google Тажик  тараптын айылы кылып көрсөткөн. Ал эми эксперттердин айтымында аталган компания эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес.

Бакыт Мамыт уулу,  Сокулук  району.