Акыркы мезгилде социалдык тармактар аркылуу жарандардын кылмыштар жөнүндө жалган маалымат тараткан учурлары көбөйүүдө. Тактап айтканда, социалдык тармактарда тараган видеодо жаш кыздын сабалып жаткандыгы кызуу талкууга аланып, ар кандай пикирлерди жаратууда. Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги расмий билдирет. Жогорудагы окуя биздин өлкөдө эмес, башка мамлекеттин аймагында катталып, видеого тартылган. Жарандарды коомчулукту ызы-чууга салган ар кандай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.  

Кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат жасоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин Ички иштер министрлиги дагы бир жолу эскертет.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда жана Интернетте кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого, мүмкүн болгон фактылар боюнча 102 телефону аркылуу ички иштер органдарына билдирүүгө чакырат.

Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт!

 

ИИМдин Басма сөз кызматы