12-16-апрель күндөрү Германияда өткөн эл аралык сынакта Бремен кинофестивалынын баш байгесин Айбек Дайырбековдун “Эрмен Жыты, Запах полыни ” тасмасы жеңип алды.

Эл аралык “Германиянын премьерасы” сынагына АКШ, Индия, Израил, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 10 тасма катышкан. Фестиваль сегизинчи жолу өтүп жатат.

Эл аралык сынактын мыкты көркөм тасмасынын жеңүүчүсү көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун гибриддик добуш берүү системасы аркылуу аныкталды. Бремен кинофестивалынын «Эрмен жыты» фильми боюнча эл аралык конкурстун бардык катышуучуларынын арасында көрүүчүлөр да, калыстар тобу да эң жогорку бааларды беришти.

Аталган тасманын кинофестивалдардагы 18-сыйлыгы.

Кинофестивалга катышууга режиссер жана сценарист Айбек Дайырбеков менен продюсер Толкун Дайырбекова чакырылган.

Тасма КР Кинематография департаментинин жана Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын колдоосунда “Центральная Азия фильм” киностудиясы тарабынан тартылган.

Тасма үч өспүрүмдүн күнүмдүк жашоосу тууралуу баяндайт. Алар дагы эле балдар, бирок турмуштук окуялар аларды чоңдордун катаал чындыгы менен кагышат. Кээ бир ата-энелер балдарын багыш үчүн үй-бүлөсүн таштап, башка өлкөгө кетүүгө аргасыз болсо, кээ бирлери алсыздыктан аракеч болуп калышат. Бир гана балдар кыялданып, ата-энесинин бактысын тилей алышат.