Улуттук коопсуздук комитети Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалган видеосун жарыялады.

Кадрдан анын Чүй айылындагы ири участкасы менен үйүн, Токмок шаарындагы коммерциялык объектилерин, Ак-Бешим айылындагы балык чарбасын, сарай комплексин, мончосун көрүүгө болот.

УКМК буга чейин Самаев «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталганын кабарлаган.