Мамлекеттик салык кызматындагы коррупция фактысы боюнча бюджетке 100 млн сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору жана жеке ишканалардын үч жетекчиси кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө салыкчылардын кылмыштуу аракеттери боюнча маалыматтар алынган. Алар “Ф” тобундагы компаниялардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, республиканын бюджетине иш жүзүндө төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын бир нече эсе төмөндөтүп, 3,3 млн сом өлчөмүндө гана салыктарды төлөшкөн.

Комплекстүү тергөө жана ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кызмат адамдарынын жана “Ф” тобундагы компаниялардын салык төлөөдөн качуу түрүндөгү аракеттеринен келтирилген зыян 100 млн сом экени аныкталып, бюджетке толук кайтарылды.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.