Бишкектин Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Атайын кызмат аны бүгүн, 19-апрелде, саат 18:40та прокуратуранын имаратында акча алып жаткан учурда колго түшүргөн.
Маалыматка караганда, шектүү Б.А.Т. сотто каралып жаткан иш боюнча оң чечим чыгаруу жана арыз ээсине карата өзүнчө сотко чейинки өндүрүштү жокко чыгаруу үчүн 450 миң сом (5 миң доллар) опузалаган. Прокурордун жардамчысы аталган кылмыш ишин өзү тергеп жаткан.