Бүгүн Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган, мындан улам реанимацияга түшкөн төрт баланын абалы оор, бирок туруктуу. Бул тууралуу №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
«Реанимациядагы төрт баланын абалы оор, бирок туруктуу. Бардык нерсени ачык айтып бере албайм. Ата-энелерине маалымат берип турабыз», — деди башкы дарыгер.
Ал эми калган 14 окуучунун өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирди.
«Бул балдардын абалы туруктуу, өмүрүнө эч кандай коркунуч жаралган жок. Тиешелүү жардам ыкчам түрдө көрсөтүлдү. Дары-дармектер жетиштүү», — деди ал.
Ал ата-энелерге кайрылып, балдардын шок абалынан чыгышы керектигин айтты.
«Сураныч, аларга тынчтык керек. Балдар шок болуп калган. Ыйлап кире берсеңиздер, бала ата-энесинин ыйлаганын көрсө, эмоциясы ого бетер көтөрүлөт. Бизге дарылаганга жардам кылыңыздар», — деди башкы дарыгер.
Ал сынык-жаракат бөлүмүнө түшкөн окуучу кыз тууралуу айтып, жаракаты жеңил экендигин билдирип, балким эртең үйүнө чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн, 20-апрелде, Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус кырсыктады. Аны артында келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн.
Окуянын кесепетинен кеминде 18 мектеп окуучусу жабыркаган.