Спорт

Баткенде волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн спорттун волейбол түрү боюнча кубогун, 

— 45 жашка чейинкилер арасында Баткен шаарынын командасы жеңип алды.

— 45 жаштан жогоркулар арасында Кадамжай районунун командасы жеңди.

— Кыз-келиндер арасында Баткен районунун командасы жеңишке жетти.

Жеңүүчүлөргө ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Облус башчысы өз сөзүндө район шаардан келген катышуучуларга кызыктуу достук мелдеш үчүн ыраазычылыгын айтып, спортту өнүктүрүүгө кошкон салымдарын жогору баалады.

Ал эми жеңүүчү болгон кыз-келиндер командасына Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди.

Облустук мелдешке жалпы 25 команда катышты.

Спорттук иш чара КРнын Президентинин “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында, облус элинин ынтымагын,биримдигин чыңдоо, коомчулукту сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button