Улуттук банк коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды
Улуттук банк 24-апрелден тарта «Тай туяк» жана «Сомго 30 жыл» аталышындагы коллекциялык монеталар жүгүртүүгө чыгарылганын билдирди.
«Тай туяк» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү:
Номиналы — 500 сом;
Металлы (сапат белгиси) — Ag 925;
Салмагы — 500 грамм;
Сатуу баасы — 93 300 сом.
«Сомго 30 жыл» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү:
Номиналы — 10 сом;
Металлы (сапат белгиси) — Ag 925;
Салмагы — 28.28 грамм;
Сатуу баасы – 4 110 сом.
«Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ», — деп айтылат маалыматта.
Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында, ошондой эле numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу иш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин сатылат