Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Мыкты дастанчы» сынагын жарыялайт.

Министрликтен билдиришкендей, сынак дастанчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, улуу өнөрдү өнүктүрүү, мыктыларын кеңири коомчулукка таанытуу жана аларга чыгармачылык жактан дем берүү максатында Дүйнө элдеринин эпосторунун VII фестивалынын алкагында дастан айтуучулар арасында жарыяланат.

Маданият министрлиги тарабынан атайын калыстар тобу түзүлүп, мелдештин шарттарына жана талаптарына таянуу менен жеңүүчүлөр аныкталат.

Сынакка катышуу шарттары:

Сынакка 15 жаштан 35 жашка чейинки дастанчылар катыша алат;

Катышуучулар “Билдирме-анкетасын” 2023-жылдын 29-апрелине чейин Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78 (108-кабинет) дарегине тапшырышы зарыл. Анкета төмөнкү шилтеме аркылуу тиркелет;

Мөөнөтүнөн кечиккен документтер кабыл алынбайт;

Сынакка катышууга жолдомо алгандыгы тууралуу уюштуруучулар тарабынан “Билдирме-анкетасында” көрсөтүлгөн телефон аркылуу маалымдалат;

Сынак 2023-жылдын 17-20-май күндөрү Ош шаарынын борбордук аянтында өтөт жана катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.

Баалоонун негизги талаптары:

Чыгарманын нукуралуугу;

аткаруучулук чеберчилиги, уккулуктуулугу, тилинин тактыгы, айтуу манерасы;

аткарган үзүндүнүн поэтикалык көркөмдүк деңгээли;

эпостогу (баатырдык, достук, жомоктук ж.б.) мотивдерди нугун бузбай жайгаштырып айтуу чебердиги;

аткарган үзүндү негизги мазмунунан жазбай толук, ийине жеткизе окуяны кырааты менен идеясын бузбай баяндаганы;

сахна маданияты, улуттук кийими.

Сынактын тартиби:

Сынак 3 айлампа менен өтөт:

1-айлампада өнөрпоздор көлөмдүү ашыктык арман ырларынан бирди аткаруусу шарт. (16 катышуучу тандалып алынат)

2-айлампада терме-санат, айтыштар,казалдардан бирди жана бир дастандан аткаруусу шарт. (10 катышуучу тандалып алынат)

3-айлампа 1-2-3-орун үчүн таймашта Бир дастандан аткаруусу шарт.

Эскертүү: талаш-тартыш жаралган учурда калыстар орун тактоо үчүн дагы бир айлампа өткөрүүгө укугу бар.

Байланыш: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78 (3-кабинет), тел.: (0312) 66-26-83. факс: (0312) 62-36-39.