Үстүбүздөгү жылы 27-28- апрелде Баткен шаарында “Кыргыз ажары – Баткен килеминде” аттуу республикалык кароо-сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак фестивалынын максаты – кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоо жана таанытуу менен биргеликте коңшу жашаган көчмөн жана отурукташкан ар улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жүргүзүүнүн жол-жоболорун, салттарын кайра жандандыруу, жаштарды маданияттуулукка үндөө, жаш чеберлерди көркөм улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу.

Фестивалга Кыргызстандын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана келген чеберлер катышышат.

Кароо-сынак фестивалдын уюштуруучулары:

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

— Улуттук маданий борбору;

— КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү;

— Баткен шаардык мэриясы;

— Кыргызстандын Кол өнөрчүлөрүнүн кеңеши.

Катышуучуларга болгон негизги талаптар:

— “Кыргыз ажары – Баткен килеминде” аттуу кароо-сынак фестивалдын катышуучуларынын саны чектелбейт;

— Республикалык кароо-сынакка катышкан ар бир катышуучунун “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Таар килем”, “Мурас килем” аталыштагы килемдеринен тандалып, кароо-сынакта аныкталат.

— Өзгөчө килемде болгон түрлөр, оюулар, түшүрүлгөн көчөттөр нукура кыргызча жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар кароо-сынакка коюлат.

Байге фонду:

— “Түктүү килем” номинациясы диплом, акчалай сыйлык;

— “Арабий килем” номинациясы диплом, акчалай сыйлык;

— “Мурас килем” номинациясы диплом, акчалай сыйлык;

— “Мыкты кол өнөрчү” номинациясы диплом, акчалай сыйлык;

— Жаш уздарга кызыктыруучу сыйлыктар.

Кароо-сынактын калыстар курамы көркөм өнөр эксперттеринен, дизайнерлер, тарыхчы, этнограф, илим изилдөөчү жана кол өнөрчүлөрдөн түзүлөт. Калыстар тобунун чечими анын бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен бекитилет. Төраганын (төрайымдын) соңку чечими талкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт.

Эскертүү: Синтетика буюмдарды колдонууга тыюу салынат.

Кошумча суроолор болсо төмөнкү даректерге кайрылсаңар болот:

Электрондук дареги: ncc07mail.ru,

Байланыш номерлери: 0312 88-69-33, 66-19-47.

Мобилдик байланыш: 0701337789.