Улуу Британиянын Blackpool зоопаркында адаттан тыш – «чайкаларды коркутуучу» жумушчу оруну түзүлдү. Бул тууралуу жарыя зоопарктын сайтында жазылат.
Белгиленгендей, мекемеде атайын кийимдерди кийгизип, чардактарды үркүтүүгө макул болгондор үчүн бир нече бош орундар бар.
Талаптары: энергиялуу, ийкемдүү жана куштун костюмун кийүүгө даяр болушу керек.
Зоопарктын жамааты бардык тирүү жандыктарды жакшы көрөрүн белгилейт, бирок чардактар чектен чыгып, мекеменин конокторунан, башка жаныбарлардын короосунан тамак-ашты тайманбай уурдап жатканын белгилешет.
«Чардактарды зоопарктын кардарлары жүргөн жерлерден алыс кармоо үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек»,- деп айтылат жарыяда.