«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин табыштамаларын кабыл алуу башталды. Сынакка 2021-2022-жылдары тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат. Сыйлык тапшыруунун салтанаттуу аземи Бишкек шаарында 2-июнда өтөт.

«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы – өткөн жылдын жыйынтыгы менен кинематографиянын мыкты адистерин сыйлаган жыл сайын болуучу иш-чара. Ал улуттук кинематография кызматкерлеринин эмгегин жана жетишкендиктерин даңазалоо, өлкөнүн кино тармагынын өнүгүүсүнө түрткү жасоо максатында өткөрүлөт. Аталган улуттук кино сыйлык 2012-жылы бараандуу кинематографисттердин тобу тарабынан негизделген. Кыргызстандагы кино тармагындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылган алгачкы сыйлык. Иш-чара Кинематографисттер бирикмесинин, «Айтыш» коомдук фондунун, Кинематография департаментинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет.

2020-жылкы эмгектерди сыйлоо аземи коронавирус пандемиясына байланыштуу, ал эми 2021-жылдагы сыйлык тапшыруу аземи дүйнөдөгү окуяларга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:

Мыкты тасма;

Мыкты режиссёр;

Мыкты сценарий;

Мыкты оператор;

Мыкты сүрөтчү;

Мыкты композитор;

Мыкты үн режиссёр;

Мыкты монтаж;

Эркектин мыкты ролу;

Аялдын мыкты ролу;

Мыкты даректүү кино;

Мыкты кыска метраждуу кино;

Көрүүчүлөр жактырган мыкты кино;

Улуттук кинематографияга кошкон салым;

Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;

Борбор Азиядагы мыкты кино;

Борбор Азиянын мыкты актёру;

Борбор Азиянын мыкты актрисасы.

Документ тапшыруунун мөөнөтү 30-апрелде аяктайт, табыштаманын үлгүсүн төмөнкү шилтеме аркылуу кирип жүктөп алууга болот.

Аны толтурган соң akilbirsnma@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек, сынактын координатору Саадат Казакбаева.

Байланыш номери: +996(706) 190 201.