Казакстандын Алматы шаарында кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, жазгыч акын, агартуучу Молдо Нияз тууралуу чыгарылган “Улуттук татыктуулук үчүн күрөш” китебинин бет ачары болду. Китептин автору жазуучу, акын, публицист Мусса Сапаев.
 
Бет ачарга ТҮРКСОЙдун баш катчысынын Казакстандагы кеңешчиси Кайрат Муканов, Казакстандын Маданият жана спорт минитсрлигинин өкүлдөрү, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, Гулзада Нурмаматова, китептин автору Муса Сапаев, Казакстандагы тарыхчылар, Алматыдагы жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун мүчөлөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө китеп тууралуу талкуу болуп, Молдо Нияз тууралуу докладдар окулду. Тарыхчылар Молдо Нияздын эмгектери жалпы түрк элдерине жайылышы керек деген пикирлерин айтышты.
Китептин бет ачарын Казакстанда өткөргөн уюштуруучулар Кыргызстандан келген конокторго сыйлыктарын тапшырып, акындын 200 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленишине тилектеш экендигин билдиришти.
Быйыл Молдо Нияздын 200 жылдыгы түрк тилдүү өлкөлөрдө жана Кыргызстанда республикалык мааниде өткөрүлөт.
Азамат Абсаттаров, журналист.