Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымында 29-апрель жана 2, 3, 4-май күндөрү таш кулатылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилмекчи.

Мындай иштердин аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.