Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автомобиль жолун куруу маселесин иликтөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин тапшырмасына ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топко бир жумалык мөөнөттө курулуш иштеринин жүрүшүн, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автомобиль жолун (Балыкчы-Барскоон участогу 0дөн 141,7 кмге чейин) куруу маселесин комплекстүү изилдеп, ошондой эле жолдун курулушун андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы коюлду.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жумушчу топ менен бирге маселени жеринен көрүү үчүн Ысык-Көлгө иш сапары менен барды.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Транспорт министрлигине жүктөлгөн.