Бүгүн, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25…+30, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көлдө +15…+20 жана Нарында +17…+22 градус болот.

Термометр бул күнү Бишкекте +26…+28 жана Ош шаарында +29…+31 градусту көрсөтөт.