Кыргыз футбол союзу (КФС) менен Сауд Арабиянын Футбол федерациясы (МАФФ) кызматташууну пландап жатат. Бул туурасында КФСтен билдиришти.

Өз ара түшүнүү боюнча меморандумга КФСтин президенти Медер Сыдыков жана ФФСА жетекчиси Ясир Аль-Мишаль кол коюшкан.

Тажрыйба алмашуу, менеджмент жаатында кызматташуу, маркетинг, калыстык, машыктыруучулук, футбол түрлөрү, техникалык өнүктүрүү, спорттук медицина жана таланттарды өстүрүү жаатында кызматташуу каралууда.

Бул сыяктуу меморандумга Италиянын Футбол федерациясы менен да кол коюлган