Кыргызстанда казино ачууга лицензия берилген алгачкы учур катталды. Бул туурасында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдирди.

Ага ылайык, Адилет Абдыманапов жетектеген компания кумар оюндарын уюштуруу менен алектенүүгө уруксат алуу үчүн бюджетке 84 миллион сом төлөгөн.

Аталган фирма 2022-жылы 14-ноябрда негизделген, ишмердүүлүгү — убактылуу жайгаштыруу. Дареги катары Бишкек шаарынын 12-кичи районун көрсөткөн.

Казино иштетүүгө уруксат берген мыйзам былтыр көптөгөн талаш-тартыштар менен өткөн болчу. Бийлик кумар оюндарына Кыргызстандын жарандары кирбей турганын айтып, негизги максат бюджетти толтуруу экенин белгилеген. Өз кезегинде президент Садыр Жапаров казинолор ачылса казынага миллиарддаган сомдук салык түшөрүн билдирген.