Кыргыз өкмөтү Кореядан 27 миллион доллар алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Министрдин орун басары Руслан Татиковдун Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин 56-жыйынына катышканы белгиленди. Иш-чаранын алкагында Кореянын Экспорттук-импорттук банкы менен 27 миллион доллар өлчөмүндөгү «Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын ишин жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгү талкууланган.

Бул долбоор Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасын кеңейтүүгө, аны заманбап медициналык жабдуулар менен жабдууга, ошол эле учурда медиктерди жаңы жабдууларды колдонууга үйрөтүүгө жана көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.