Үстүбүздөгү жылдын 5- майында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында «Дүйнөлүк балет өнөрүнүн жылдыздары» катышкан гала концерт өтөт. Бул тууралуу редакциябызга уюштуруу тобу кабарлады.

Маалыматка ылайык,  сахнада балет өнөрүнүн азыркы таланттары биригип, керемет өнөр тартуулашат. Дал ушул бир эле күндүк оюнда Япония, Казахстан, Россия менен Кыргыз белет өнөрүн мыктылары бийлеп чыгышат.

Казакстандан:

Бахтияр Адамжан — дүйнөлүк балет жылдызы, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери (Астана Опера); Малика Ельчибаева – эл аралык конкурстардын лауреаты, Абай атындагы Казак Улуттук опера жана балет театрынын солисти.

Япониядан:

Ариса Хашимото – эл аралык конкурстун лауреаты , Мэгуми Мацумото – эл аралык конкурстардын лауреаты.

Россиядан:

Субедей Дангыт – Тыва Республикасынын эмгек сиңирген артисти, эл аралык конкурстардын лауреаты; Камилла Исмагилова – эл аралык конкурстардын лауреаты.

Кыргызстандан:

Марат Сыдыков – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, эл аралык конкурстардын лауреаты; Фарух Садыркулов – эл аралык конкурстардын лауреаты; Алина Мамбеталиева – президенттик стипендиянын лауреаты, ошондой эле А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрын артисттери Айсалкын Суюмбаева, Айпери Турусбекова, Мээрим Султакаева, Аслан Алиев, Даяна Кыдыралиева – эл аралык конкурстун жеңүүчүсү, Ясмина Жанботоева – эл аралык конкурстун жеңүүчүсү, Али Талантбеков, Айниза Мусаканова, Бегимай Ильясбекова.

Концертте сизге балет өнөрүнүн ажайып классикалык чыгармаларын көрүүгө сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт. Көрүүчүлөр дүйнөлүк шедевлерге айланган

«Корсар», «Шахерезада», «Кармен», «Дон Кихот», « Париждин жалыны», «Талисман» жана башка чыгармалар менен тааныша алат.

Гала-концерттин башталышы саат 19.00.

Билеттерди сатып алуу боюнча суроолор менен А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын кассасына же ticket.kg. сайтына кайрылсаңыздар болот.

Сурап билүүчү телефондор: (550) 66 18 41; (703) 00 79 21

@ART CLASSIC KG